• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун маалыматына ылайык, Бишкек шаарында - 2, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 1, Ош облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Ысык-Көл районунун Бает айылы Алмалуу көчөсүндө турак үйдөн өрт чыгып, өрт өчүрүү бөлүмү жеткенге чейин өчүрүлдү. Өрттүн себеби такталууда.

Жайыл районунун Кара-Балта шаары, Мичурин көчөсүндө жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 1000 чарчы метр иштебеген цехтин чатыры жана станоктору күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Аксы районунун Мукур айылында янты 84 чарчы метр сарай жана 50 боо жүгөрү бакалы, 40 боо чөп, 70 пресс чөп, күйгөн. Өрт балдардын от менен ойноосунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий