• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 12 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 16.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 18 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 324 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 694 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 901 миң 539 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 683 миң 354 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий