• 84.8
  • 95.63
  • 1.13

Кыргызстанда дагы 119 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 23-октябрга карата коронавирус дагы 119 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 59, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 73 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 663 бейтап, амбулатордук түрдө 640 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 467 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 7 киши айыгып чыкса, 2 миң 650 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий