• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 13,3 миң адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 13 миң 319 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 967 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 352 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 28 миң 433 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 805 миң 987 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий