• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 13 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 12-мартка карата коронавирус 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 8, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 34 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 128 бейтап, амбулатордук түрдө 221 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 720 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 820 киши айыгып чыкса, 2 миң 972 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий