• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19 боюнча статистика. Илдет 20 адамдан жаңы табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 10-мартка карата коронавирус 20 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 12, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 27 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 133 бейтап, амбулатордук түрдө 249 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 691 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 761 киши айыгып чыкса, 2 миң 969 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий