• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 13 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 9-мартка карата коронавирус 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 12, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 21 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 146 бейтап, амбулатордук түрдө 244 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 671 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 734 киши айыгып чыкса, 2 миң 969 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий