• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 14 миң 629 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 14 миң 629 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 292 адам вакцинанын биринчи дозасын, 8 миң 337 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 714 миң 26 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 497 миң 664 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий