• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 14 миң 984 адам коронавируска каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 14 миң 984 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4444 адам вакцинанын биринчи дозасын, 10 миң 540 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 685 миң 718 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 455 миң 912 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий