• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 190 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 9-январга карата коронавирус 190 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 121, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 15, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда - 8 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 60 адам илдеттен сакайып чыкты, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 402 бейтап, амбулатордук түрдө 878 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 185 миң 867 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 281 киши айыгып чыкса, 2 миң 818 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий