• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 21 миң 746 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 21 миң 746 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 миң 476 адам вакцинанын биринчи дозасын, 13 миң 270 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 555 миң 118 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 201 миң 394 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий