• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 3 миң 366 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 3 миң 366 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө, алардын ичинен 1 миң 218и вакцинанын экинчи дозасын алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Ал эми өлкө боюнча 97 миң 538 адам эмделди, 72 миң 580и экинчи дозасын алышты.

Аймактар боюнча алганда:
- Бишкекте 26 миң;
- Ош шаарында 7 миң 862;
- Чүй облусунда 17 миң 222;
- Ош облусунда 12 миң 181;
- Ысык-Көл облусунда 8 миң 424;
- Талас облусунда 4 миң 519;
- Нарын облусунда 4 миң 666;
- Жалал-Абад облусунда 12 миң 205;
- Баткен облусунда 4 миң 458 адам вакцина алды.

Пикир

Оставить комментарий