• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 348 адамдан коронавирус табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 11-январга карата коронавирус 348 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 244, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 38, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 7 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 85 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 475 бейтап, амбулатордук түрдө 1 196 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 413 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 432 киши айыгып чыкса, 2 миң 821 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий