• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 4 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 4 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган.

Алсак, Бишкекте шаардык таштанды таштоочу жайдан аянты 200 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ноокат районунда 2 кабаттуу бастырманын 72 чарчы метр чатыры, 800 кг чөп жана 30 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий