• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 3-январга карата коронавирус дагы 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында – 39, Ош шаарында – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 44 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 827 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 947 киши айыгып чыкса, 2 миң 805 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий