• 82.26
  • 85.05
  • 1.35

Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, эки бейтап каза болду

946 кароо COVID - 19 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 18-февралга карата коронавирус 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 20, Чүй облусунда – 14, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 191 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 333 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 622 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 255 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 792 киши айыгып чыкса, 2 миң 939 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий