• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 412 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 25-январга карата коронавирус 412 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 242, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 91, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 12 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 511 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 139 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 709 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 196 миң 232 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 184 миң 28 киши айыгып чыкса, 2 миң 854 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий