• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 471 адамдан коронавирус табылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 10-августка карата коронавирус дагы 471 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 212, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 110, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 60, Баткен облусунда – 21 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 995 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 6 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 609 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 481 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 971 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 159 миң 280 киши айыгып чыкса, 2 миң 413 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий