• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 5 бейтап коронавирус илдетинен сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 23-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен 5 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 бейтап, амбулатордук түрдө 21 адам дарыланууда.

Стационарларда дарыланып жаткан 3 бейтаптын баарынын абалы оор.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 376 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий