• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 5 миң 474 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 04.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 5 миң 474 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 150 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 324 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 233 миң 638 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 29 миң 660 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий