• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 54 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 9-ноябрга карата коронавирус дагы 54 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 25, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 77 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 576 бейтап, амбулатордук түрдө 815 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 936 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 323 киши айыгып чыкса, 2 миң 691 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий