• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 54 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 16-февралга карата коронавирус 54 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 25, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 9, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 10 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 207 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 910 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 175 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 385 киши айыгып чыкса, 2 миң 935 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий