• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 653 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 18-июнга карата коронавирус дагы 653 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалган.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 269, Ош шаарында – 73, Чүй облусунда – 116, Ош облусунда – 74, Талас облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 69, Баткен облусунда – 32 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 372 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 215, Ош шаарында – 18, Чүй облусунда – 59, Ош облусунда – 25, Талас облусунда – 1, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда – 14 адам", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 206 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 946 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 475 бейтаптын абалы орто оордукта, 618 адамдын абалы оор жана 95 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 5, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 24 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 721 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 113 миң 430 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 104 миң 302 киши айыгып чыкса, 1 миң 920 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий