• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн бир суткада 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүугө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Тактап айтканда, Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында Табышалиев көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөттүн имаратынан өрт чыгып, 20 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Каракол шаарында Кирпичный завод көчөсүндө батирден өрт чыгып, бөлмөдө 20 чарчы метр ички жасалгасы жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кызыл-Кыя шаарынын Караван айыл аймагында Жин-Жиген айылында 6 чарчы метр көмөк чордон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий