• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда акыркы суткада 75 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 12-сентябрга карата коронавирус 75 адамдан жаңы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 38, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда - 1, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусу – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 655 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 46 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 158 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 428 киши айыгып чыкса, 2 миң 572 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий