• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 82 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 14-сентябрга карата коронавирус 82 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 40, Чүй облусунда – 19, Нарын облусунда – 5, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусу – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 127 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 605 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 16 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 308 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 650 киши айыгып чыкса, 2 миң 576 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий