• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда акыркы суткада 870 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 19.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 19-июнга карата коронавирус дагы 870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалган.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 470, Ош шаарында – 113, Чүй облусунда – 100, Ош облусунда – 74, Талас облусунда – 7, Нарын облусу – 10, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 76, Баткен облусунда – 32 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 404 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 175, Ош шаарында – 46, Чүй облусунда – 84, Ош облусунда – 30, Талас облусунда – 4, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда – 9 адам", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 285 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 323 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 501 бейтаптын абалы орто оордукта, 664 адамдын абалы оор жана 101 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 34 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 5, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 58 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 734 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 114 миң 300 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 104 миң 706 киши айыгып чыкса, 1 миң 925 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий