• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 9 медиктен коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 9 медиктен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында бир, Ысык-Көл облусунда 8 медик ооруп калды.

"Ал эми бир суткада 9 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 18 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 145 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 533 медкызматкер айыкты", - дейт ал.

Кыргызстанда 4-сентябрга карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 227ни түзөт. Алардын ичинен 39 миң 426 киши айыгып чыкты, 1 миң 61 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий