• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 9 миң 197 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 197 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 317 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 880 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 190 миң 942 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 978 миң 400 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий