• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында - 1, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 1, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 1, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 2, Баткен облусунда - 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жалпы аянты 150 чарчы метр сарай толугу менен, 100 түк чөп жана 40 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кызыл-Кыя шаарында унаа токтоуучу жайдын 15 чарчы метр ички жасалгасы, үй тиричилик буюмдары, 1 муздаткыч, 1 диван, 6 даана унаанын дөңгөлөктөрү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий