• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда акыркы суткада 934 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 934 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 432 адам вакцинанын биринчи дозасын 502 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 266 миң 531 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 58 миң 303 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий