• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада бустердик дозаны 1,5 миңден ашык адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

- биринчи дозасын 6 миң 838 адам алды, жалпы 1 млн 443 миң 181 адам;

- экинчи дозасын 757 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 172 миң 43 адам;

- бустердик дозаны 1 миң 522 адам алды, алардын жалпы саны 122 миң 892 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий