• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19дун жаңы учуру катталган жок, илдеттен 5 бейтап сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 4-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 5 адам илдеттен сакайып чыгып, илдеттен каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 96 бейтап, амбулатордук түрдө 46 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 248 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий