• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада дээрлик 11 миң адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 983 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 229 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 754 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 926 миң 681 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 703 миң 977 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий