• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 16 бейтап айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен 16 жаран айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 27 бейтап, амбулатордук түрдө 47 адам дарыланууда.

46 бейтаптын ичинен 19унун абалы орто оор, бешөөнүн абалы оор жана үчөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 980 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 324 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий