• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада төрт жаран коронавирустан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада төрт жаран коронавирустан каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте бир, Ош облусунда бир жана Баткен облусунда 2 жаран илдеттен көз жумду.

Белгилей кетсек, 8-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 245 жаңы учур катталып, жалпы илдетке кабылгандардын саны 48 миң 342ге жетти. Алардын ичинен 43 миң 957 киши айыгып чыкса, 1 миң 73 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий