• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы жумада 16 миң 699 жол эрежесин бузуу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы жумада республикада 16 миң 699 жол эрежесин бузуу аныкталды. Алардын ичинен:

- айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн – 2497;
- тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн – 232;
- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 5625
- ТК каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 34;
- жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 3;
- мамлекеттик номери жок – 18;
- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 16;
- Автоээнбаштык – 10;
- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 201;
- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 103;
- Кооптуу жүкташуу эрежелерин бузуу – 1;
- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 7038;
- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн – 34;
- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 272;
- унаа токтотуучу жайга токтотулду – 842.

Пикир

Оставить комментарий