• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы жумада COVID-19дун 527 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда 8-14-августта чейинки аралыкта COVID-19дун жаңы 527 учуру катталган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен амбулатордук дарыланууда — 389, ооруканага жактырылгандар – 138.

Үстүбүздөгү жылдын 7 ай 14 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 20 450 учуру катталган, анын ичинде 18 436 (90,2%) учур лабораториялык түрдө жана 1994ү (9,8%) клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Пикир

Оставить комментарий