• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы жумада COVID-19дун 78 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда 12-сентябрдан 18-сентябрга чейин COVID-19дун 78 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, катталган 78 учурдун ичинен 13 адам ооруканага жаткырылып, 65 адам амбулатордук дарыланууда.

2022-жылдын 8 ай 18 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 21 миң 250 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 244ү (90,6%) лабораториялык, ал эми 2 миң 600ү (9,4%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Пикир

Оставить комментарий