• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы жумада COVID-19дун жаңы 13 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир жумада, 28-ноябрдан 4-декабрга чейин COVID-19дун 13 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Алардын ичинен 2 бейтап - ооруканага жаткырылган, ал эми 11и - амбулатордук дарыланууда.

27-ноябрдан 4-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада турат.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

Пикир

Оставить комментарий