• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Кыргызстанда 7-ноябрдан 14-ноябрга чейинки аралыкта коронавирустун жаңы 19 учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, катталган учурлардын ичинен төртөөсү ооруканага жаткырылып, 15и үй шартында дарыланууда.

2022-жылдын 14-октябрына карата өлкөнүн бардык облусу “жашыл зонада” жайгашкан.

Ал эми 2022-жылдын 10 ай 14 күнүнө карата коронавирустун 21 миң 735 учуру катталган.

Пикир

Оставить комментарий