• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы жылдардагы эң таза шайлоо өттү – эл аралык байкоочу

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы жылдардагы эң таза шайлоо өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында эл аралык байкоочу Алексей Глухов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо мыйзамдарындагы олуттуу өзгөртүүлөр акыркы бир нече жылдагы эң таза шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылды. Бул келечекте мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде кем эмес таза шайлоо өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

“Өткөн шайлоонун негизги өзгөчөлүгү да жарандардын эркин билдирүүсү болду, добуштарды сатып алуу же административдик ресурс колдонуу фактылары болгон жок. Элдер өз каалоолору менен келишти, шайлоо тилкелеринде дагы ызы-чуу байкалган жок”, - деди ал.

Ошондой эле, эл аралык байкоочу КР Борбордук шайлоо комиссиясынын эмгегин баалады. “БШК жарандарга добуштарды эсептөөнүн жыйынтыгын ачык көрүүгө боло турган ресурс менен камсыз кылды, бул абдан чоң эмгек”, - деди Глухов.

Пикир

Оставить комментарий