• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы жылдарда балдарга карата зордук-зомбулук күчөдү

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 2-3 жылда балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук күчөдү. Бул тууралуу “Аялуу катмардагы жаштар жана балдар арасында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча өнөктөштүктү бекемдөө” аталышындагы тегерек столдо Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө калктын эң аялуу катмары болуп жаштар жана балдар саналат.

“Турмуштук оор кырдаалдан улам ата-энелер өздөрү балдарын сатып жиберген учурлар болот”, - деди ал.

Ошондой эле Рысбекова белгилегендей, статистикалык маалыматтарга ылайык балдардын физикалык жана сексуалдык зомбулукка дуушар болуусу көбөйүүдө.

"Акыркы жылдарда Кыргызстанда жаш балдарга карата сексуалдык зомбулук катталган учурлардын саны эки эсеге көбөйүп, көбүнчө 14-16 жаштагы кыздар зордук-зомбулукка кабылууда. Өз кезегинде, ал кыздардын 40 пайызы бейтааныш адамдар тарабынан зордолот". - деп түшүндүрдү ал.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кошумчалагандай, учурда президенттин администрациясы тарабынан аялуу катмардагы жаштардын жана балдардын арасында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгууда.

“Бүгүнкү тегерек стол аялуу катмардагы жаштардын жана балдардын арасында адам сатууга каршы күрөшүү боюнча жаңы программаны иштеп чыгууга негиз болот”, - деп сөзүн жыйынтыктады Рысбекова.

Пикир

Оставить комментарий