• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачуу пландалууда

Билим 0

Бишкек, 01.07.21./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ректору Жансеит Туймебаев менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку билим берүү жаатындагы эки өлкөнүн кызматташтык маселелери талкууланды. Жолугушууда негизинен Кыргызстанда Аль-Фараби атындагы КУУнун филиалын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Эске сала кетсек, Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 9-отурумунун ишинин жыйынтыктары боюнча Кыргызстанда Аль-Фараби атындагы КУУнун филиалын ачууну иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алынган.

Ж.Туймебаев өзү жетектеген окуу жайдын ишмердүүлүгү тууралуу кыскача тааныштырып, жогорку окуу жайдын билим берүү системасын өнүктүрүү жана илимий-изилдөө базасын түзүү пландары менен бөлүштү.

Б.Купешев жолугушууну уюштуруу тууралуу демилге көтөргөндүгү үчүн Казакстан тарапка ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мындан аркы ийгиликтүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө максатында тараптар:

- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары менен Аль-Фараби атындагы КУУнун ортосундагы кызматташтыкты жандандырууну;

- тараптардын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын жана илимий кызматкерлеринин эки өлкөнүн аймагында өткөрүлүүчү конференцияларга, симпозиумдарга, семинарларга, тегерек столдорго катышуусун камсыздоону;

- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жана Аль-Фараби атындагы КУУнун профессордук-окутуучулук курамын академиялык мобилдүүлүктүн алкагында эки өлкөнүн жогорку окуу жайларында сабактарды өтүүгө тартууну макулдашты.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Кыргызстанда Аль-Фараби атындагы КУУнун филиалын ачуу маселесин талкуулоо үчүн курамына министрликтин жана ЖОЖдордун өкүлдөрү кирген биргелешкен жумушчу топту түзүү тууралуу макулдашуу жетишилди.

Жолугушуу жылуу, достук маанайда, өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү атмосферада өттү.

Пикир

Оставить комментарий