• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда алдыңкы беш жылда 500 жаңы бала бакча курулат

Аймак 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда алдыңкы беш жылда 500 жаңы бала бакча курулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн Жалал-Абаддын Сузак районуна болгон сапарында белгилүү болду.

Сузакта жергиликтүү директорлорго жана билим берүү тармагынын адистерине тренинг өткөрүлдү. Жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин долбоорунун алкагында беш жыл ичинде өлкө аймагы боюнча 500 жаңы бала бакча курулары белгилүү болду.

Учурда Ош жана Баткен облустарындагы бала бакчаларды ачуу иштери жүрүүдө. Кийинки жылы иштер Жалал-Абадда жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий