• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда алгачкы үч айда жашоо минимуму 4,6 миң сомду түздү

Коом 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы үч айда жашоо минимуму 4 миң 681,31 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ошентип, быйылкы жылдын алгачкы үй айында жашоо минимуму бир адамга 4 миң 681,31 сомду түзүп, былтыркы жылдын ошол эле мезгилине караганда 4,2%га азайган.

Өлкөбүздөгү жашоо минимумундагы жогорку көрсөткүч Жалал-Абад облусунда болуп ал 5 миң 36 сомду түзгөн. Ал эми, аз көрсөткүч Талас облусунда болгон - 4 миң 186 сом.

"Жашоо минимумунун азык-түлүк баштыгынын (корзина) курамына тамак-аш азыктарынын 32 түрү кирет. Азык-түлүк баштыгынын (корзина) энергетикалык баалуулугу орточо 2 миң 101 ккал түзүп, анын химиялык курамы 73 грамм белокту жана 71 грамм майды камтыйт", - деп билдирет Статистика комитети.

Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитети жылдын ар бир чейрегинде жашоо минимумум эсептеп турат.

Пикир

Оставить комментарий