• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда алгачкы ирет атамекендик товарлардын көргөзмө-жармаңкеси өтөт

Коом 0


Бишкек, 26-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстанда алгачкы ирет атамекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларынын “Кыргызстанда жасалган, сүйүү менен жасалган” көргөзмө-жармаңкеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине КР атамекендик өндүрүүчүлөрдүн Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев билдирди.

Анын айтымында, 28-апрелден 1-майга чейин «Аю Гранд Комфорт» соода борборунда 2,6 миң чарчы метр аянтта атамекендик гана товарлардын көргөзмөсү өтөт.

“Буга чейин көргөзмөгө чет элдик өндүрүүчүлөр да катышкан, эми бир аянтта атамекендик тармактардын кеңири чөйрөсүн чогултабыз. Жармаңкеде текстиль, кийим-кече, бут кийим, азык-түлүк, кондитердик азыктар, фармацевтика, өндүрүш жана керектөөчү товарлары, ошондой эле гүлдөр жана сувенирдик буюмдар сунушталат”, - деди ал.

Ошондой эле, ал көргөзмөгө өлкөнүн ар кыл облустарынан 80ден ашуун өндүрүүчү катышарын билдирди.

“Көргөзмөгө ири ишкерлер жана чет элдик рыноктордун өкүлдөрү катышышкан. Мунун баары атамекендик өндүрүштү өнүктүрүүнү, компаниялардын потенциалын жогорулатууну, сатууларды көбөйтүүнү, жаңы кардарларды жана өнөктөштөрдү табууну шарттайт”, - деп белгиледи ал.

Жармаңкенин программасы:

28-апрелде КРда аккредиттелген чет өлкөлөрдүн элчилеринин катышуусундагы жармаңке өтөт. Ошондой эле, КР өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн келиши күтүлүүдө. Келгендер фольклордук ансамблдин аткаруусундагы жандуу музыканы угуп, жармаңкенин катышуучуларынын продукцияларын дегустация кыла алышат.

Пикир

Оставить комментарий