• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда алгачкы ирет Катар маданиятынын күндөрү өтөт (программа)

Маданият 0

Бишкек, 7-май /Кабар/. Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте 10-12-майда Кыргызстанда Катар маданиятынын күндөрүн өткөрөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө КРдагы Катар маданияты күндөрүнүн Программасы сунушталган:

10-май 13:40 – 17:00 – А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдыңкы аянтында ачылыш аземи жана Катардын улуттук буюмдарынын көргөзмөсү;

11-май 18:00 – 18:30 – катар сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүнүн ачылышы (А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын фойесинде);

11-май 18:00 – 18:30 – КРдагы Катар маданияты күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы (А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында);

11-май 18:45 – искусство чеберлеринин концерти (А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында);

12-май 12:30 – 15:00 – А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын араб залында Катар мамлекетинин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын лекциясы;

12-май 16:00 – К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында катар жана кыргыз искусство чеберлеринин концерти.

Пикир

Оставить комментарий