• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда алгачкы ирет триллер жанрындагы "Мурас" тасмасы тартылды - сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы ирет триллер жанрындагы "Мурас" тасмасы тартылды. Тасманын жаратуучулары билдиришкендей, кино 18-апрелден баштап өлкөнүн бардык кинотеатрларынан көрсөтүлө баштайт.

"Мурас" киносун тартуу иштери 2019-жылдын январь айында башталган.

"Сюжетте жаш үй-бүлөнүн оош-кыйыш турмушу баяндалат. Келинчеги чет жакка иштөө үчүн кетүүгө аргасыз болот. Күйөөсү арзаныраак батир издеп, бир кемпирдин эски үйүн табат. Батирдин ижарасы арзан, тынч сезилгени менен кошуналары кайып боло баштайт. Кийинчерээк мунун себебин түшүнөт... Картинада бүгүнкү күн менен Улуу Ата Мекендик согуш учуру чагылдырылган", - деп айтылат маалыматта.

Тасманын продюсери Данияр Өмүрбеков, режиссеру Азамат Шаршенов.

Пикир

Оставить комментарий