• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик Инновациялык борбор расмий ачылат

Коом 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик Инновациялык борбордун расмий ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Кыргызстадын президенти Садыр Жапаров, КР министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун, Евразия патенттик ведоствосунун жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын, региондогу патенттик ведомстволордун, дипломаттар корпусунун өкүлдөрү, инновациялар жана креативдүү экономика, IT-технологиялар боюнча эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, стартапчылар жана Кыргызпатенттин өнөктөштөрү катышат.

Инновациялык борбор Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын базасында түзүлгөн. Бул үчүн акыркы төрт жылдын ичинде китепкананын кагаз фонду санариптештирилип, пайдалануучуларга фонддогу патенттик адабияттарды онлайн алуу мүмкүнчүлүгү берилген. Китепкананын бошотулган бөлмөлөрү Инновациялык борбордун төмөнкү компоненттерине кайра жабдылган: Fablab – прототиптерди жасоо жана идеяларды текшерип көрүү үчүн өндүрүштүк лаборатория, Youth iLab - балдар лабораториясы, заманбап жабдуусу менен коворкинг-зона, конференц-зал, жолугушуу бөлмөлөрү, патенттик-техникалык фонд.

Инновациялык борбордун расмий ачылышынын алкагында “Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновациялар экосистемасын өнүктүрүү” эл аралык форуму өткөрүлөт.

Форум инновациялар экосистемасын түптөөнүн келечегин талкуулаган негизги аянтча болуп берет жана интеллектуалдык менчик жана инновациялар экосистемасы жаатындагы өкүлдөрдүн, региондогу патенттик ведомстволордун өкүлдөрүнүн жана эксперттердин сунушу менен Инновациялык борборду өнүктүрүүнүн жол картасын жана планын иштеп чыгууга шарт түзөт.

Иш-чара КР министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулууда.

Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58 А.

Пикир

Оставить комментарий